Сталбек Төрөбек уулу Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болду

 Сталбек Төрөбек уулу Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болду

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кызматына Сталбек Төрөбек уулу дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду.

Жаңы жетекчи буга чейин бир катар мекемелерде юрист, Акыйкатчынын аппаратынын түштүк аймагындагы башкы адиси, Салык кызматынын Ош шаарындагы башкы инспектору, Президенттин түштүк резиденциясынын директорунун орун басары болуп иштеген.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын буга чейинки башчысы Ашимжан Семетеев козголгон кылмыш ишинин алкагында кызматынан четтетилген болчу.

Жанылыктар