СССРдин экс-президенти Михаил Горбачёв каза болду

СССРдин экс-президенти Михаил Горбачёв 91 жашында каза болду. Бул тууралуу “РИА Новости” Москванын борбордук клиникалык ооруканасынын билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Горбачёв 30-августта кечинде катуу жана узакка созулган оорудан кийин каза тапты. Саясатчынын ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы тууралуу маалыматтар июнь айынын аягында тарай баштаган.
Михаил Горбачёв эмгек жолун КПССтин Ставрополь обкомунун партиялык уюштуруучусу болуп иштөөдөн баштаган. 1991-жылга чейин Борбордук Комитеттин Башкы катчысы кызматын ээлеп турган.
Ал СССР Жогорку Советинин Президиумунун акыркы төрагасы жана Советтер Союзунун тарыхындагы жалгыз президенти болуп калды.