Sputnik Кыргызстан Баткендеги иликтөөсү боюнча кечирим сурады

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин башкы редактору Эркин Алымбеков Баткендеги курулуш тууралуу иликтөө боюнча кечирим сурап, видео кайрылуу жасады.
Алымбеков иликтөөдө көрсөтүлгөн маалыматтар туура эмес экенин мойнуна алган.
Буга чейин аталган агенттиктин журналисти Эламан Карымшаков, 20 жаштагы студент миллиарддаган тендерди уткан, “Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?” – деген иликтөө жарыялаган.