Алкоголдук ичимдиктердин, тамекинин баасы 17% өстү. Өлкөдө керектөө бааларынын өсүшү текшерилди

 Алкоголдук ичимдиктердин, тамекинин баасы 17% өстү. Өлкөдө керектөө бааларынын өсүшү текшерилди

Кыргызстанда жыл башынан бери керектөө бааларынын жана тарифтердин эң көп өсүшү Нарын облусунда катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын тогуз айында өлкө боюнча бул көрсөткүч 10,6% түзгөн. Республикада алкоголдук ичимдиктерге жана тамекинин баасы 17%га, тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктарга – 12,4%га, азык-түлүк эмес товарларга – 7,6%га, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер 6,6%га кымбаттады.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы бардык аймактарда байкалган. 15%га максималдуу өсүш Нарын облусунда катталган, бул алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (41,3%га), ошондой эле азык-түлүк эмес товарларга (10%га) баалардын эң көп өсүшү менен шартталган.

Жанылыктар