Сот Токаевдин талапкерлигин каттоону жокко чыгаруу тууралуу арызды канааттандырган жок

 Сот Токаевдин талапкерлигин каттоону жокко чыгаруу тууралуу арызды канааттандырган жок

Казакстандын Жогорку соту Касым-Жомарт Токаевдин президенттикке талапкерлигин каттоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгарууну талап кылган жарандык активист Алнур Ильяшевдин арызын канааттандыруудан баш тартты.

17-октябрда өткөн сот отурумунда Ильяшев мыйзамда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялоого мамлекет башчынын каза болушу, анын ооруп калышы же ага импичмент жарыяланышы гана негиз болорун белгиледи.

“Мен буларды көргөн жокмун. Демек, Токаевдин Казакстандын башка жарандарынын укуктарын бузуусуна эч кандай себеп жок болчу. БШК анын президенттикке талапкерлигин каттабашы керек эле”, – деди активист.

БШКнын өкүлү Нариман Альгожин учурдагы президенттин талапкер катары катталышында “мыйзамга каршы эч нерсе жок экенин” билдирди. Анын бул позициясын прокурор да колдоду.

Судья Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин алууга “эч кандай негиз көрбөгөнүн” айтып, активисттин арызын канааттандыруудан баш тартты. “Президенттин талапкер болуш катталышы Конституцияга жана Казакстандын мыйзамдарына каршы келбейт”, – деди судья.

Алнур Ильяшев соттун бул чечими боюнча даттана турганын билдирди.

Активист Жогорку сотко 14-октябрда кайрылган. Ал Токаевди каттоо тууралуу БШКнын токтому “мыйзамсыз, конституцияга каршы келгендиктен, аны жокко чыгаруу зарыл” деп эсептейт. Ильяшев ошондой эле БШК “мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү практикасына дем берип, жарандарды мыйзамдуу жана татыктуу альтернативадан ажыратууда” деп сындаган.

12-октябрда Токаевдин президенттикке талапкерлиги алгачкы болуп расмий катталган.

Бүгүнкүгө чейин мөөнөтсүз президенттик шайлоого катышуу үчүн үч талапкер каттоодон өттү. Бул өнөктүк 21-октябрда аяктайт.

1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, президент эми бир мөөнөткө жети жылга шайланат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар