Сот: Кадыр Досоновдун иши өндүрүштөн кыскартылды

“Женго” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновдун иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.Облустук соттун билдиришинче Досоновдун иши эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен өндүрүштөн кыскартылган.“Кадырбек Досоновдун аракетиндеги кылмыш куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Бул боюнча Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш же даттануу түшкөн эмес. Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 14-июнундагы өкүмүнүн негизинде Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 2022-жылдын 21-июлундагы өкүмүнүн негизинде, Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Өкүмгө нааразы тарапка Жогорку Сотко кассациялык тартипте даттануу укугу түшүндүрүлдү”, – деп билдиришти Ош облустук сотунан.2021-жылдын 10-февралында Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча “перехват” планы жарыяланган. Андан соң Кадыр Досонов Ошто УКМКга өзү келген.