Сот К.Сооронкулованын сынын четке какты

 Сот К.Сооронкулованын сынын четке какты

Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган саясатчыларды Октябрь окуясы боюнча актаган чечими жөнүндө мурдагы судья Клара Сооронкулованын пикирине жооп берди.Райондук соттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Октябрь окуясы боюнча ишти караган судьялар өз алдынча чечим чыгарып, эч кимдин басымы болбогону жазылган. Маалыматта прокуратура айыпталуучуларды 12 жылга эркинен ажыратууну сураганы, 167 жабырлануучу суралганы айтылат. Сот ишинде соттук-лингвистикалык, саясий экспертизалар дагы болгон. Ушул сыяктуу жүйөлөрдү келтирген Биринчи май райондук соту чечим прокуратуранын көрсөтмөсү менен кабыл алынды деген сындарды четке каккан.Райондук сот Клара Сооронкулованы чечим чыгарган судьяларды сыйлоого, мыйзамга каршы пикирлерди айткандан карманууга чакырат.

Жанылыктар