Сот блогер Батмакан Жолболдуеваны камакта калтырды

 Сот блогер Батмакан Жолболдуеваны камакта калтырды

Ош шаардык соту бүгүн, 21-апрелде блогер Батмакан Жолболдуеванын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакта калтырды. 

Жолболдуеванын иши 15-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан Ошко которулган.

Эске сала кетсек, Жолдубаева 25-мартта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Жанылыктар