Сот Алексей Ширшовду үй камагына чыгарды

 Сот Алексей Ширшовду үй камагына чыгарды

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу райондук соттон массалык маалымат каражаттарына билдиришти.

Ширшов коррупцияга шектелип, кечээ, 10-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан камакка алынган болчу.

Маалым болгондой, УКМК кызматкерлери «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик имараттарды жеке менчикке чыгарып кетүүгө байланышкан кылмыш иштерди иликтөөнү баштаган. Анын жүрүшүндө, ири ишкерлер сот кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, 56 кымбат балуу батирди, 27 коттеджди жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетишкени аныкталган.

Бул ишке Ысык-Көл облустук жана райондук, Бишкек шаардык, Чүй облустук сотторунун, Жогорку Соттун, ошондой эле Президенттин аппаратынын, Мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым адамдарынын да катышы бар экени тастыкталган. Тергөө учурунда бул коррупциялык схеманы уюштуруучулардын башында Алексей Ширшов турганы да белгилүү болгон.

 

Жанылыктар