Сокулукта аялын ур-токмокко алууга шектелип күйөөсү кармалды

Сокулук районунда аялын ур-токмокко алууга шектелип күйөөсү кармалды. Ал Россияга кетүүгө камынып жаткан жеринен колго түшкөндүгүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди
Маалыматка ылайык, милицияга 1994-жылы туулган Б.Ф аттуу келин күйөөсү аны ургандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Аталган факты бирдиктүү реестирге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Козголгон кылмыш ишинин негизинде 1989-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.