Сокулукта 70 жаштагы чоң энесин өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды

 Сокулукта 70 жаштагы чоң энесин өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды

Сокулук районунда 70 жаштагы чоң энесин өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-октябрда Сокулук райондук милициясына 70 жаштагы Г.В. аттуу кемпир денесинде оор жарааттар менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү боюнча маалымат келген. Келтирилген оор жарааттарынын кесепетинен Г.В. жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган окуяга “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Каза болгон адамдын небереси 23 жаштагы Г.М. милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Кылмыш ичкиликтин айынан: чоң апасы небересин “ичкилик ичесин” деп урушканынан болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланып жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар