ОшТВ телерадиокомпаниясы

Соцтармактан экстремисттик аракет жасаган «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун  активдүү мүчөсү кармалды (сүрөт)

 Соцтармактан экстремисттик аракет жасаган «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун  активдүү мүчөсү кармалды (сүрөт)

Кечээ, 8-декабрда УКМКнын Нарын облусттук башкармалыгы жана Нарын облусунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна  таандык фотоматериалдарды тараткан “Т.у.Б.” аттуу жараны кармалды.

Нарын шаардык сотунун санкциясы менен кармалган жарандын жашаган жеринен тинтүү учурунда Фейсбук социалдык тармагында экстремисттик аракеттерди жасаган «Samsung J2» телефону жана сим-картасы табылып алынган.

Азыркы учурда кармалган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар