Соцфонд: Январда пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө 5,8 млрд сом сарпталды

Үстүбүздөгү жылдын январь айында пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө 5 млрд 880,5 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен:
– Бишкек шаары — 936,4 млн сом;
– Чүй облусу — 882,9 млн сом;
– Нарын облусу —462,3 млн сом;
– Ысык-Көл облусу — 532,1 млн сом;
– Талас облусу — 244,6 млн сом;
– Ош шаары — 207,4 млн сом;
– Ош облусу — 1 088,3 млн сом;
– Баткен облусу — 503,8 млн сом;
– Жалал-Абад облусу — 1 022,7 млн сом.