Сирияга барууну көздөгөн чет элдик жарандар Кыргызстандан кармалды

Сирияга баруу максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Ушул жылдын 13-мартында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен Жалал-Абад шаарынын аймагынан Борбор Азия мамлекеттеринин биринин эки жараны кармалды. Алар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн.
“Шектүүлөр өлкөгө келгенден кийин Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө Кыргызстандын паспортторун жасоого аракет кылышкан” – деп айтылат маалыматта.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат, кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө камак жайына киргизилди.