Синдзо Абэ көз жумду

 Синдзо Абэ көз жумду
Бүгүн эртең менен ок жеген япониялык экс-премьер-министр Синдзо Абэ алган жараатынан көз жумду. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
68 жаштагы саясатчыга бүгүн эртең менен кол салуу болгон. Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан Абэге артынан 10 метр аралыктан ок атылган.
Саясатчыны дарыгерлер ооруканага алып кеткени, жүрөгүнө массаж жасалганы маалымдалган. Андан соң тик учак менен Нара медициналык университетине жеткирилген. Ок далысынын тушуна тийгени маалымдалды.
Кылмыш болгон жерден 41 жаштагы Тэцуя Ямагамини кармашкан. Ал тартип сакчыларына каршылык көрсөткөн эмес. Бир канча убакыттан кийин адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп, камакка алынган. Япон ЖМКлары Ямагами 2005-жылга чейин үч жыл өлкөнүн Аскердик-деңиз күч түзүмүндө кызмат кылганын, андан соң эмне иш менен алектенип келгени белгисиз экендигин жазышты.
Ямагами суракта “Абэнин саясатына нааразы” болгону үчүн ок атканын  айтып бергени маалым болду.
Синдзо Абэ Япониянын өкмөтүн эки ирет жетектеген. Тагыраагы, 2006-2007-жылдары жана андан кийин 2012-2020-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган.
Ал Либералдык-демократиялык партиядан баш-аягы тогуз жолу Эл өкүлдөр палатасына депутат болгон жана аталган партияны жетектеп келген.

Жанылыктар