Сиань–Бишкек–Сиань багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы авиакаттам ачылды

 Сиань–Бишкек–Сиань багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы авиакаттам ачылды

Ушул жылдын 11-февралынан тартып Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачты. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу учуулар биринчи жолу аткарылды.

Учуулар жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.

Жанылыктар