Си Цзиньпин АКШнын жана Франциянын лидерлери менен жолугушат

 Си Цзиньпин АКШнын жана Франциянын лидерлери менен жолугушат

Кытайдын президенти Си Цзиньпин 15-16-ноябрь күндөрү Индонезиянын Бали аралында өтө турган “Чоң жыйырма” (G20) саммитинде АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушууну пландаштырууда. Бул туурасында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь билдирди.

«Президент саммиттин алкагында Франциянын президенти Эммануэл Макрон, АКШнын президенти Жо Байден, Сенегалдын президенти Макки Салем, Аргентинанын президенти Альберто Фернандес жана башка лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Лицзянь бул Кытай тараптын АКШ менен мамилесин нормалдаштырууга чечкиндүү экенин түшүндүрдү.

«Биринчиден, биз Кытай-АКШ мамилелери нормалдуу калыбына келиши үчүн аракет кылабыз», — деди ал брифингде.

Байден менен Си Цзиньпин 14-ноябрда саммиттин алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер да бир күн мурда билдирген. Лидерлер АКШ-Кытай байланышын, жоопкерчиликтүү атаандаштыкты сактоо жана тереңдетүү боюнча аракеттерди талкуулашат жана АКШ менен Кытайдын кызыкчылыктары бирдей болгон тармактарда биргелешип иштөөнү талкуулашат.

Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин G20 саммитине катышпай турганы күн мурун кабарланган.

Саммитке Россиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров барат. Бул тууралуу бүгүн ТАСС агенттигине орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар