Швейцария Кыргызстандын климатын жакшыртууга 9 млн доллар бөлөт

 Швейцария Кыргызстандын климатын жакшыртууга 9 млн доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстандын климатын жакшыртууга 9 млн доллардан ашык каражат бөлөт.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бул каражатка аткарылчу иштер Ош, Баткен жана Нарын облустарын камтыйт. Анын ичинде  250 000 эң аялуу үй-бүлөгө, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге кургакчылык, суу ташкын, жер көчкү сыяктуу  табигый тобокелдиктерди кыскартууга колдоо көрсөтүлөт.

“Климатка байланыштуу коркунучтарды алдын алуу, ошондой эле анын азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтуу үчүн табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш-чаралар дагы күчөтүлөт. Калктын аялуу катмарына азык-түлүк таратылып жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө камсыздандыруу куралдары демилгеленип жана табигый кырсыктарга каршы даярдыкты жогорулатуу боюнча окутуулар уюштурулат”, -деп айтылат маалыматта.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар