Телерадиокомпания

Швециянын биринчи аял премьер-министри жети саат гана иштеди

 Швециянын биринчи аял премьер-министри жети саат гана иштеди

Швециянын биринчи аял премьер-министри Магдалена Андерссон Жашылдар партиясынын коалициядан чыгышына байланыштуу шайлангандан  жети  сааттан кийин отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андерссон маалымат жыйында:”Мен анын мыйзамдуулугунан шектенүүгө негиз бар өкмөттү жетектөөнү каалабайм” деген. Ал парламенттин спикери Андреас Норленге өзүнүн Социал-демократиялык эмгек партиясы гана өкүл боло турган бир партиялуу өкмөттү жетектөөгө даяр экенин билдирген.

Норлен болсо премьер-министрдин кызматтан кеткенин ырастап, кырдаалды талкуулоо үчүн башка партиялардын лидерлери менен байланыша турганын билдирген.

Жанылыктар