Швецияда уурдалган премиум-класстагы 5 автоунаа Кыргызстандан табылды

Ички иштер министрлиги 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалган 5 премиум-класстагы автоунаа Кыргызстандын аймагынан табылганын кабарлады.
Милициянын маалыматына караганда, интерпол эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөдө жүргөн бир нече автоунаалар Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн Кыргызстанга алынып келип жатканы аныкталган.
“2021-жылдын 30-декабрында ИИМдин тергөө кызматынын жана милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы автосалондордун бирине тинтүү жүргүзүү учурунда 18 автоунаа токтотуу жайга коюлган, анын ичинен 5 премиум-класстагы унаа 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалган”,- деп билдиришти милициядан.
Учурда унаа уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле Интерпол Эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөгө алынган башка унааларды издөө боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.