Шинжаңдагы «лагерден» чыккан этникалык казак алты жылдан кийин үй-бүлөсүнө жолукту

Кытайдын Шинжаң аймагынан келген этникалык казак Сарсенбек Акбар дээрлик алты жылдан бери көрө элек Казакстандагы үй-бүлөсүнө жолукту.
Бул маалыматты анын жубайы Гүлнур Косдаулет ырастады. Ал буга чейин башка жарандар менен бирге Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы акцияларга катышып, Шинжаңда кармалган күйөөсүн бошотууну талап кылып келген.
Маалыматка караганда, Сарсенбек Акбар Кытайда үч жылга жакын «лагерде» кармалып, кийин эки жылдай үй камагында болгон.
Сарсенбек Акбар Казакстандын аймагына ушул жылдын 8-февралында «Хоргос» бажы бекети аркылуу өткөнү айтылды.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Сарсенбек Акбардын өлкөгө келгени боюнча эч кандай маалымат берген жок.
2021-жылы жазында кытай түрмөсүндө 13 жыл отуруп, андан кийин бир жарым жыл Шинжаңдагы «лагерде» кармалган Рахыжан Зейнолла Казакстанга келген. Ал Кытайдын бийлиги өлкөдөн чыгууга уруксат берген жалгыз «Шинжаң туткуну» болгон. Ошол эле жылы августта Зейнолла Казакстандын жарандыгы берилгенин ырастаган документ алган.