Шавкат Мирзиёев: Соода-экономикалык алака-катышы дагы деле толук ачылбай турат

 Шавкат Мирзиёев: Соода-экономикалык алака-катышы дагы деле толук ачылбай турат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия лидерлеринин саммитинде өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштарын берди. Алардын бири катары чек ара аймактарындагы соода-сатыкка көңүл бурду.
“Талдоолор оң жылыштар бар экенин көрсөткөнү менен биздин мамлекеттердин соода-экономикалык алака-катышы дагы деле толук ачылбай турат. Ушундан улам биз өз ара соода-сатыкка түрткү берүүнүн жаңы жол-жобосун, ыкмасын жигердүү киргизүүнү сунуштайбыз. Сөз чек арадагы соода-сатык, товарларды алып өтүүнүн жөнөкөйлөштүрүү жол-жобосу тууралуу болуп жатат”, -деди Мирзиёев.

Жанылыктар