Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Ушул жылдын 8-9-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.