Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

Бүгүн, 12-сентябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратты.
Маалыматта айтылгандай, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөп, 12-13-сентябрь күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°ка чейин жетет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.