Шашылыш билдирүү! 1-октябрдан тарта туруксуз аба ырайы күтүлөт

 Шашылыш билдирүү! 1-октябрдан тарта туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында 1-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: 1-октябрда күндүз Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 16…21°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14°, тоолуу райондордо 1…6°, бийик тоолуу райондордо -1…+4° ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Жанылыктар