Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыкты

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына митингге чыгышты.
БШК имаратынын жанында чогулган саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. Алардын ою боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган. Кол менен кайра эсептөө да ушундай болушу мүмкүн дешет.
Чогулгандар ошондой эле, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда.
Алардын билдируулөрүнө караганда, аларга электрондук үкөктүн чыгарган жыйынтыгы жана корутунду протоколдору ушул кезге чейин берилбей жаткандыгы законду одоно бузуу болуп саналат.
БШК имаратынын жанына чогулган 100дөй адам добуш берүүнүн жыйынтыгы менен макул эмес. Булар “Улуттар биримдиги”, “Ата Мекен”, Социал-демократтар жана “Азаттык” партияларынын өкүлдөрү.
28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:
«Ата-Журт Кыргызстан» — 16.
«Ишеним» — 13
«Ынтымак» — 10
«Альянс» — 8
«Бүтүн Кыргызстан» — 6
«Ыйман нуру» — 5 пайыз добуш алган.
БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.