ОшТВ телерадиокомпаниясы

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы  болгондор митингге чыкты

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор   Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына митингге чыгышты.

БШК имаратынын жанында чогулган саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. Алардын ою боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган. Кол менен кайра эсептөө  да ушундай болушу мүмкүн дешет.

Алардын билдируулөрүнө караганда, аларга  электрондук үкөктүн чыгарган жыйынтыгы жана  корутунду протоколдору ушул кезге чейин берилбей жаткандыгы законду одоно бузуу болуп саналат.

БШК имаратынын жанына чогулган 100дөй адам добуш берүүнүн жыйынтыгы менен макул эмес. Булар “Улуттар биримдиги”, “Ата Мекен”, Социал-демократтар жана “Азаттык” партияларынын өкүлдөрү.

Жанылыктар