Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Босого баллдан кайсы партиялар өттү?

Бүгүн, 28-ноябрь кечки саат 20:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Учурда добуштарды автоматтык урна эсептеп жатат.
Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланган расмий маалыматтар боюнча саат 20:30га карата төмөнкү партиялар алдыга чыкты:
- «Ата Журт Кыргызстан» — 28,97%;
- «Ишеним» — 24,04%;
- «Ынтымак» — 20,64%;
- «Альянс» — 14,44%;
- «Бүтүн Кыргызстан» — 11,13%;
- «Ыйман Нуру» — 10,17%;
- «Эл үмүтү» — 8,89%;
- «Азаттык» — 7,89%;
- «Ата Мекен» — 6,43%;
- «Социал-демократтар» — 6,31%;
- «Улуттар Биримдиги» — 4,54%;
Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоого бир мандаттуу округдардан 282 талапкер жана 21 партия катышты.