Шайлоодо иштен алынган ОшМУнун деканы кызматына кайтып келди

Ош шаардык соту 11-февралда Ош мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин мурунку деканы Бакыт Муратбаевдин кызматын кайра калыбына келтирди.
Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Айпери Турат кызы билдиргендей, Муратбаев сотко кызматын калыбына келтирүү боюнча кайрылган. Ал эми шайлоодо үгүт иш-чарага катышканы боюнча иш сотко өткөн эмес.
“Аталган декан жумуш ордуна кайра кайтуу боюнча доо-арыз берген. Аны сот карап чыгып арызын канаатандырды”,- деди Турат кызы.
Бакыт Муратбаев былтыр ноябрда парламенттик шайлоо учурунда студенттердин үгүт иш-чарага катышканына байланыштуу кызматтан четтетилген болчу.