Шайлообек Атазов шайлоо жыйынтыгына  макул болбой, митингге чыкты    

 Шайлообек Атазов шайлоо жыйынтыгына  макул болбой, митингге чыкты    

Бишкекте бир мандаттуу Свердлов шайлоо округу боюнча кайра шайлоодо утулуп калган Шайлообек Атазовдун тарапкерлеринин митинги өтүүдө. Видео Фейсбукка жарыяланды.

Шайлообек Атазов кайра шайлоолор ачык-айкын өткөнүн, автоматташтырылган башкаруу системасына жана серверлерге дооматы жоктугун белгиледи.

« Бирок, Абдурахман Муртазалиевдин  жакындары  добуш сатып алуу фактысы менен кармалганы  боюнча бардык далилдер бар. Азыр Ички иштер министрлигинин чечимин күтүп жатабыз. Бүгүн биз коррупционерлер, мафия менен күрөшүшүбүз керек. Алар шайлоочуларды тынымсыз сатып алууда. Качан акыйкат болот? Ошондуктан кечээки шайлоодо округубуз боюнча 100 пайыз жеңишке жетиштик», – деди ал.

Эске салсак, 27-февралда Бишкекте бир мандаттуу эки округда шайлоо өтүп, анда 2021-жылдын ноябрында шайлоочулардын көбү “бардыгына каршы” добуш беришкен. Бир мандаттуу Биринчи Май округу боюнча Элвира Сурабалдиева көпчүлүк добушка ээ болуп,  47,97 пайызга жеткен. Свердлов районундагы шайлоодо Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңип чыкты. Ага шайлоочулардын 19,52 пайызы добуш берген.

 

Жанылыктар