Шайлоо-2021: Мыйзам бузуулар боюнча 34 кайрылуу түшкөн. Чүй жана Ош облусунда даттануулар көбүрөөк.

 Шайлоо-2021: Мыйзам бузуулар боюнча 34 кайрылуу түшкөн. Чүй жана Ош облусунда даттануулар көбүрөөк.

Шайлоо дайындалган күндөн тартып Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузуулар боюнча 34 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады. Арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгү б.а. 17 дааттануу шайлоочулардын добуштарынын сатып алынышы тууралуу.
Ушундай арыз БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна келип түшкөн. Шайлоо алдындагы үгүттөө шарттарынын бузулушу — 4, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланылышы — 2, атайын жалган документтердин колдонулгандыгы тууралуу -2 кайрылуулар бар.
Аймактар боюнча алганда Бишкек шаары, Чүй жана Ош облусунда даттануулар көбүрөөк.
Учурда 10 кайрылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, алардын ичинен 4 иш боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат.
6 кайрылуу боюнча кылмыш тутумунун жоктугуна байланыштуу териштирүү токтолуган, дагы экөө Ички иштер министрлигинин кароосунда.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралып, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия каттоодон өткөн.
Эске салсак, өлкө башчысы Садыр Жапаров «Парламенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка 1-ноябрда кол койду.

Жанылыктар