ОшТВ телерадиокомпаниясы

Шайлоо-2021: Мыйзам бузууга байланыштуу прокуратурага 3, БШКга 29, ИИМге 32 маалымат түштү

 Шайлоо-2021: Мыйзам бузууга байланыштуу прокуратурага 3, БШКга 29, ИИМге 32 маалымат түштү

Бүгүн, 28-ноябрь, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 29 кайрылуу түштү. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Тынчтыкбек Шайназаров брифингде билдирди.

“Саат 17:00гө карата 29 кайрылуу түштү. Добуш сатып алуу боюнча 2, үгүт иштериндеги эреже бузуулар 7, административдик ресурс боюнча 1, шайлоочуларды ташуу боюнча 1, урналардын иштөөсү боюнча 9 кайрылуу келип түштү. Фотофиксация кылуу аракети боюнча 1, башка бузуулар дагы түштү”, – дейт ал.

Ал эми Башкы прокуратура башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасов бүгүн прокуратура органдарына үч арыз түшкөнүн маалымдады.

“Анын ичинен бирөө талапкердин соттолгондугу боюнча келген. Ал тастыкталган жок. Экинчиси добуш сатып алуу боюнча түшкөн, ал дагы аныкталган жок. Үчүнчү админресурс, аны текшерүүгө ИИМге жибердик”, – деген Майтпасов.

ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макиловдун айтымында, добуш берүү күнүндө ИИМге жалпы 32 маалымат түштү.

“Бишкек боюнча жети, Чүйдө сегиз, Нарында эки, Ош шаарында сегиз, Ош облусунда төрт, Жалал-Абадда бир, Баткен аймагынан эки маалымат келген. Алардын ичинде үгүт иштериндеги мыйзам бузуу, шайлоочуларды ташуу, админресурс дагы бар. Тогуз факты тастыкталбагандыктан кыскартылды”, – дейт Макилов.

Жанылыктар