Телерадиокомпания

Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан 9 талапкер арызын кайтарып алды. Кимдер?

 Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан 9 талапкер арызын кайтарып алды. Кимдер?

Бир мандаттуу округдан тогуз талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча БШКга арыз келип түштү. Ошентип, 312 талапкер калганын БШК кабарлады.
“Шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз менен Бакыт Бердалиев, Санжар Ибраимов, Максатбек Мамбеткулов, Канат Исаев, Жаманкул Галдыбаев, Абдисаид Каримбеков, Айбек Алыбаев, Бакыт Кыдыралиев, Айнуру Алтыбаева кайрылган”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда 312 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышат. Аймактар боюнча алганда:

— Баткен облусунда – 37,
— Ош облусунда – 54,
— Жалал-Абад облусунда – 48,
— Талас облусунда – 14,
— Чүй облусунда – 62,
— Бишкек – 27,
— Нарын облусунда – 29,
— Ысык-Көл облусунда – 41.
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Жанылыктар