Телерадиокомпания

Шайлоо-2021: 11 миң милиция коопсуздукту көзөмөлдөйт

 Шайлоо-2021: 11 миң милиция коопсуздукту көзөмөлдөйт

28-ноябрь парламенттик шайлоо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 11 миңдей милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Ал эми 5 миң кызматкер добушканаларга көзөмөл жүргүзүп, 2 миңдей кызматкер жолдогу коопсуздукту камсыз кылып берет. Ошондой эле, өнөктүк өтүп жатканда ишке тартылган күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо үчүн ИИМдин аймактык бөлүмдөрүндө он ыкчам штаб түзүлгөн.

«Шайлоо күнү ар бир он добушкананын эсебинде документтештирүүнүн 210дон ашуун тобу түзүлдү.  Республикалык штаб тарабынан укук коргоо органдарынын жетекчилерине коомдук жана улуттук коопсуздук үчүн ички жана тышкы коркунучтардын алдын алуу, жоюу ишине тапшырмалар берилди»— деди Иманкулов.

Учурда мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Жыйындын күн тартибине алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, Улуттук коопсуздуктун концепциясы жана энергетикалык коопсуздук маселелери чыгарылган.

Жанылыктар