Шайлдабекова БШКнын расмий сайтына чыккан техникалык ката үчүн кечирим сурады

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын расмий сайтына чыккан техникалык ката үчүн кечирим сурап, бирок автоматтык эсептөө системасы так иштегенин билдирди. Ал БШКга нааразылык билдирип келгендердин алдында сүйлөп жатып, бул боюнча анык маалыматтар берилерин айтты.
«Эң биринчи расмий сайтка чыккан таблицанын катасы үчүн кечирим сурайм. Бирок автоматтык эсептөө системасы так иштейт, мен буга кепилдик берем. Азыркы учурда биздин система так иштеп жатат. Ошол эле кезде бул маалыматтар юридикалык күчкө ээ эмес, алдын ала маалыматтар деген мыйзамда норма бар. Бардык шайлоонун натыйжалары кол менен саноонун жыйынтыгы аркылуу чыгарылат. Биз саясий партиялардын өкүлдөрүн БШКга чакырабыз. Кечээ болгон себептер жөнүндө так, анык маалымат берүүгө даярбыз»- деди ал.