Серхио Рамос чакырылган эмес. Испаниянын дүйнө чемпионатына бара турган курамы

 Серхио Рамос чакырылган эмес. Испаниянын дүйнө чемпионатына бара турган курамы

Испания Катарда өтө турган 22-дүйнө чемпиондугуна бара турган курамын жарыялады. Алар кимдер?

Дарбазачылар:

Унаи Симон («Атлетик»), Давид Райя («Брентфорд», Англия), Роберт Санчес («Брайтон», Англия).

Коргоочулар:

Пау Торрес («Вильярреал»), Эрик Гарсия, Жорди Альба («Барселона»), Хосе Гайя, Уго Гильямон («Валенсия»), Сесар Аспиликуэта («Челси», Англия), Даниэль Карвахаль («Реал»), Эмерик Ляпорт («Манчестер Сити», Англия).

Жарым коргоочулар:

Серхио Бускетс, Гави, Педри («Барселона»), Коке, Маркос Льоренте («Атлетико»), Карлос Солер («ПСЖ», Франция).

Чабуулчулар:

Иньяки Уильямс («Атлетик»), Альваро Мората («Атлетико»), Марко Асенсио («Реал»), Ферран Торрес, Ансу Фати («Барселона»), Пабло Сарабия («ПСЖ», Франция), Йереми Пино («Вильярреал»), Дани Ольмо («Лейпциг», Германия).

Испания курама командасы 1978-жылдан бери дүйнө чемпионатына 16-ирет катышууда. 2022-жылы Катарда өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда испаниялык футболчулар Швеция, Греция, Грузия жана Косово командалары менен бирге Европанын В тайпасында ойногон. Сегиз квалификациялык беттеште алты жеңиш, бир тең чыгуу жана бир жолу жеңилип, 19 упай менен тайпада биринчи орунда дүйнөлүк чемпионатка түз жолдомо алды.

Испаниянын курамында дүйнө чемпиону болгон жалгыз оюнчу Серхио Бускетс бар. Ал 2010-жылы Түштүк Африкада өз командасы жеңген турнирде 21 жаштагы Бускетс жети беттеште тең ойногон. Курамга улуттук кураманын капитаны Серхио Рамос чакырылган эмес. Мындай чечимди   башкы машыктыруучу Луис Энрике кабыл алган. Ал эми дагы бир коргоочу Жерар Пике карьерасын жыйынтыктаганына байланыштуу катышпайт. Ал эми Серхио Рамос курамга чакырылбай калгандыгы боюнча төмөнкүдөй маалымат берген.

«Албетте, бул мен аткаргым келген чоң кыял болчу. Бул менин бешинчи дүйнөлүк чемпионатым болмок, бирок тилекке каршы мен аны өз үйүмдө көрүүгө туура келет. Мага болгон колдооңуздар үчүн рахмат. Алдыда дагы көптөгөн милдеттер, максаттар бар. Жакында көрүшөбүз. Командага ийгилик каалайм. Алга Испания!” – деп Рамос социалдык тармактагы расмий баракчасына жазды.

Испаниялык команданын коргонуусунда «Челсинин» капитаны Сезар Аспиликуэта менен «Манчестер Ситинин» борбордук коргоочусу Аймерик Лапортту белгилөөгө болот. Чабуулчулар да абдан күчтүү. Оюнчулардын чебердиги, ар тараптуулугу  Луис Энрикеге команданын колдонууга мүмкүндүк берет. Бул сезондо “Атлетико” менен жакшы дебют жасаган Альваро Мората, Дани Олмо жана Ферран Торрес жана алардын өнөктөштөрү ар бир команданын коргонуусуна көйгөй жаратууга жөндөмдүү.

Бул команданын курамындагы дүйнөлүк чемпионатка эң жаш оюнчусу катары бара жаткан 18 жаштагы Гавини белгилей кетүү керек. Барселона клубунда өзүнүн ар тараптан мыктылыгын көрсөтүп, негизги курамда алмаштырылгыс оюнчу катары ойноодо. Бул жылы “эң жаш мыкты футболчу” сыйлыгын алган.

Испания 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңген. Финалдык беттеште Андрес Иньестанын кошумча убакытта Голландияга киргизген голу жеңишке жеткирген. Анда курамда Хави, Пуйоль, Торрес, Иньеста, Касильяс, Вилья сыяктуу мыкты оюнчулар ойногон. Ал эми Россияда өткөн акыркы дүйнө чемпионатында 1\8 финалда Россияга жеңилип калган.

 

Кошумчалай кетсек, Испания курамасы дагы төрт жолу (1938, 1986, 1994 жана 2002-жылдары) Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чейин жетип, эки жолу пенальтилер сериясынын жыйынтыгы менен гана бул этапта үйүнө кайткан.

Испания курамасы дүйнө чемпионатынын группалык баскычында Германия, Япония жана Коста-Рика менен кездешет. Алгачкы оюнун Коста-Рика менен 23-Ноябрь күнү, саат 22:00дө өткөрөт.

Белгилей кетсек 22-дүйнө чемпионаты 20-Ноябрь күнү башталат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар