Сенсация! Марокко курамасы Испанияны утуп алды

 Сенсация! Марокко курамасы Испанияны утуп алды

Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын 1/8 финалынын алкагында Марокко менен Испания беттешип, пенальтилер сериясында Испания утулуп калды. Жолугушуунун эки бөлүгүндо тең эч бир команда эсепти ачкан жок. Негизги убакытта командалар жеңүүчүнү аныктай албай, беттеш кошумча убакытка өттү. Бирок кийинки 30 мүнөттө эки команда тең алдыга чыга алган жок. Кошумча эки тайм тең голсуз аяктады. Пенальтилер сериясында Марокко курамасы күчтүүрөөк болуп чыкты. Испания чабуулчусу алгачкы соккуну дарбазанын сол бурчуна узатып гол жарата алган жок. Экинчи соккуну Карлос Солердин соккусун Марокконун дарбазачысы Ясин Бону ишенимдүү тосо алды. Атаандаштын экинчи соккусун Унай Симон да кайтарды. Испаниянын капитаны Серхио Бутскестин да соккусун атаандаштын дарбазачы тосуп алды. Испания алгачкы үч соккусун тең ишке ашыра алган жок.

Оюн  3:0 эсебинде Марокколуктардын пайдасына аяктады.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар