Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри, Улуу Даражалуу Принц Файсал бин Фархан Аль Сауд Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бул эки тараптуу мамилелердин тарыхында Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары.