Санариптик кызматтарды күчөтүп, калктын калың катмары менен экономикалык тартипте иштөөгө мезгил келди

 Санариптик кызматтарды күчөтүп, калктын калың катмары менен экономикалык тартипте иштөөгө мезгил келди

Бүгүн, 26-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынын өттү.

Жыйында ар бир район өлкөдөгү эң негизги артыкчылыктуу багыттардагы ишке ашып жаткан  долбоорлору менен тааныштырып, көйгөлүү маселелерин ортого салды. Жапаров экономикалык каатчылыкты жолго коюп, ар бир аймак климаттык шартына жараша өндүрүштүк аянтчалардү  түзүүнү тапшырды.

Облус жөнүндө толук маалыматты камтыган аймактын санариптик картасын иштеп чыгуу, мүлктү инвентаризациялоону жүргүзүү, өндүрүштүк ишканаларды коргоо жана аны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди күчтөндүрүү сыяктуу маанилүү милдеттер турарын төрага белгиледи.

«Аймакка инвестиция тартуу боюнча жетекчилердин ишмердүүлүгүн баалоодо KPI системасын киргизүү зарыл. Ар бир айылда ишканалар ачылса чоң жетишкендик болот. Район акимдери жана шаар мэрлери сиздердин негизги милдетиңер – инвестиция тартуу. Ошндой эле токтоп турган ишканаларды ишке киргизүүгө жардам берүү керек. Мындан тышкары, жазгы-талаа иштерин өз убагында жүргүзүү, туризмди өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүү, жарандардын жер тилкелерин трансформациялоо иштерин жыйынтыктоо зарыл», – деди ал.

Акылбек Жапаров 2022-жылы Ош облусунда 100дөн ашуун объектиде курулуш жана оңдоо иштери пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.

 

Жанылыктар