Санарип сазына азгырык. Интернеттеги контенттердин балага зыяны

Статистикага ылайык, Кыргызстанда гаджет колдонуучулардын 85 пайызы өнүгүүгө пайдасы жок, зыяндуу контенттерди көрүшөт. Талдоочулар мындай абал балдардын психологиясына терс таасирин тийгизип, зыян алып келээрин айтышууда.
Макалада гаджеттерден баланы алыстатуу, убактысын пайдалуу нерселерге коротуу тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.
15 жаштагы Бектур телефондон ар кандай видеолорду көрүп, онлайн оюндарды ойнойт. Буга мектеп окуучусунун сабактан кийинки бош убактысы кенен жетет. Маселен, каарманыбыз эки жылдан бери PUBG оюнун ойноп келүүдө. Согуштук маанайдагы оюн ага үйдөн туруп эле достору менен онлайн байланышта ойносо болоору сыяктуу өзгөчөлүктөрү менен жаккан. Бүгүнкү күндө Орусия, Беллорусиядагы оюнчулар менен дагы оюндун согуш талаасында күч сынашат.
«Эки жылда оюндун 64-баскычына жеттим. Тагыраагы, орто оюнчулардын катарын толуктайм. Мыкты оюнчу болуш үчүн бул оюнда 80-баскычтан ашуу керек. PUBG’да ар түрдүү мамлекеттеги оюнчулар болот да. Аны бул оюнга катталып жатканда тандап алса болот. Мисалы мен Европа аймагын тандап алганмын. Ошонун ичинен Орусия, Украина, Беллорусиядагы адамдар менен түшүп калам. Бир чети досторуң менен дагы зерикпейсиң, команда менен ойноо тактикаларын үйрөнөбүз. Үйдөн эле микрофон менен сүйлөшлүп, бирге жандуу эле отуруп ойногондой болобуз».
PUBG оюнчулары көп оюндардын сап башында. 2021-жылдагы статистикага ылайык, «PUBG Mobile» — 216,7 миллион саат көрүлгөн.
Дүйнөлүк абалды карай турган болсок, балдар гаджеттерден көбүрөөк видеолорду көрүүгө, оюндарга убакыт сарптайт.
Статистика боюнча Бразилия, АКШ жана Анлгия мамлекеттеринде 8 жаштан жогорку балдар 10-13 пайыз гана интернеттен онлайн китептерди окуп, пайдалуу маалыматтарды ала турганы көрсөтүлгөн.
Гаджеттердин балдарга тийгизген зыяны
«Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун директору Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, Кыргызстанда гаджет колдонуучулардын 85 пайызы өнүгүүгө пайдасы жок, зыяндуу контенттерди көрүшөт. Ошол эле учурда өнүгүү – баланын өз эне тилинен башталышы керек. Бирок, кыргыз тилинде мазмундук платформалар дээрлик жок. Бул оор көрүнүштөрдүн сап башында турган маселе болууда.
«Мындын тышкары, ата-энелер биз өзүбүз дагы күнөөлүүбүз. Балдарды алаксытуу үчүн колуна телефон карматып коебуз. Ошентип отуруп аларды санарип сазына түшүрүп жатабыз. Ошондуктан балдардын коопсуздугун биринчи кезекте ата-эне көзөмөлгө алышы, коргошу керек. Себеби каралбаган бала бара-бара виртуалдык дүйнөгө азрыгылып кетет. Бул болсо аны жандуу баарлашуудан алыстатып, ой жүгүртүүсүнүн чектелүүсүнө алып келет. Анан чырлуу балдар каяктан чыкты дегенибиз туура эмес»,-деди Кендирбаева.
Психолог Акчач Жолдошева зыяндуу контенттер баланын психикасына терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады. Маселен, бала атышуу оюну аркылуу сөзсүз өлтүрүү, зыян келтирүү керек деген нерсени өзүнө сиңирип жатат. Жалпылап айтканда, көңүл буруусу, психикалык процестердин бардыгы ошол нерсеге багытталат.
Эмне үчүн гаджеттер айрыкча балдар үчүн зыяндуу? Себеби мектепке чейинки курактагы балдар өнүгүүнүн жакынкы зонасында болуп эсептелет. Ал эми кенже мектеп курактагы балдарда жаңы нерсени өздөштүрүүгө, окууга болгон аракети күч мезгил болот. Бул убакытта баланын кызыгуусун гаджеттерди колдонуу, интернеттеги ар кандай зыяндуу контенттерди өздөштүрүүгө жеткирбөө зарыл.
«Балага туура багыт көрсөтүү үчүн бир күндүк күн тартибин түзүп алышыбыз керек. Мисалы, эрте мененки саат 8ден 12ге чейин мектепке барат, мектептен келгенден соң 2 саат эс алат, ойнойт деп. Оюн дегенде гаджетке байланган эмес, анын акыл-эсин жогорулатууга салым кошо турган оюндардын түрлөрүн алдын ала пландап койгонубуз жакшы. Андан соң бир саат үй тапшырмасын аткарат деген сыяктуу күн тартиби болсо, ата-эне жумушта болгон учурда дагы баланын негизги оюу мына ушул нерселерде болот. Ал эми жогорку класстын окуучулары гаджетсиз жүрө албайт. Ошол менен сабакка даярданып, маалыматтарды алышат. Бирок көзөмөл керек. Чоң курактагы балдарга телефонду 2 саатка берүү жетиштүү»,-деди Акчач Жолдошева.
Телефонду билимин өркүндөтүүгө колдонгон Жанболот
Жанболот 12 жашта, уюлдук телефонду 2-3 жылдан бери колдонот. Телефондо электрондук китептерди окуп, акыл-эсти өстүрүүчү, кесипке багыттоочу оюндарды ойнойт. Зыяндуу контенттерге анын убактысы жок. Анткени ата-энеси гаджетти күнүнө 2 саатка чейин колдонууга уруксат берген. Калган убакта мектептен берилген үй тапшырмасын аткарып, достору менен сыртта волейбол ойнойт.
Ага апасы китептерди көп сатып алып берет. Ошондуктан каарманыбыз негизинен өзүн өнүктүрүүчү тапшырмалар менен алек болуп, телефонго аз убакыт бөлгөнгө калыптанган.
«Мен үй тапшырмаларына керектүү маалыматтарды интернеттен эле таап, аткарып алам. А өзү телефонду эң көп убакыт дегенде 1-1,5 саат эле колдоном. Көбүнчө архитектурага байланыштуу жана психологиялык, логикалык оюндарды ойнойм. Архитектура боюнча үйлөрдү,түрдүү имараттарды курганды үйрөнөм. Ошондой эле сүрөт тартуу боюнча ийримдерге барган үчүн сүрөттөрдү тартам. Анан машина айдаган оюндарды ойнойм. Себеби кийин машинаны башкарууну оңой болот. Мындан тышкары, телефондон навигацияны жандырып алам. Апам кайсыл күнү, кайсыл жакка барышын календарга белгилеп алам. Анан колумда саат жоу болгон учурда телефондун саатын карап турам».
Бош убакытта пайдалуу өнөр үйрөнүүгө салым кошкон борбор
Ош облусунун аймагында эл аралык уюмдардын колдоосу менен жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүү, сабатсыздыкты жоюу жана санарип азгырыгынан оолак кылуу үчүн инновациялык борборлор ачылууда.
Аравандын Тепе-Коргон айыл өкмөтүндө эки ай мурун ачылган борбордо жаштар тигүүчүлүк, компьютердик сабаттуулук, биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү өздөштүрүп жатышат. Аларга ошол эле айыл өкмөттүн ыктыярчылары сабактарды өтүшөт.
Шадие Матазимова буга чейин бош убактысында үй жумуштарына гана каралашып, өзүн өнүктүрүүчү ийримдерге барган эмес. Ал болочокто кийим-кече тигип, тигүүчүлүк кесибин аркалоону кыялданып келген. Ал эми инновациялык борбор ачылгандан бери телефонду ашкере колдонууга убактысы жок, чеберчилик ийримине катышып жатат. Бир чети келечекте аркалай турчу кесиби боюнча дагы тажрыйбасын арттырууда.
«Менин бул борборго келгениме эки ай болду. Бул жерде бычып-тигүү үчүн жаңы үлгүдөгү машиналарды беришти, жакшы иштеп жатат. Чеберчилик ийримидне көбүнчө кыздар окуйбуз. Мугалимдерибиз дагы жакшы үйрөтөт. Кийимдерди тигип калдык. Рахмат».
Гаджеттерди бир нече саат гана колдонушат. Японияда балдардын коопсуздугу көзөмөлдө
Учурда Япониянын Токио шаарында жашап жаткан онлайн методист Сымбат Сатыбалдиева ал өлкөнүн балдарды гаджеттерден, зыяндуу контенттерден оолак кылуу ыкмалары боюнча айтып берди.
Японияда балдар башталгыч класстан тарта эле планшеттерди колдоно башташат. Гадежттерде предметтик сабактарды өздөштүрүү боюнча программалар камтылган. Мындан тышкары, YouTube сыяктуу тиркемелерди колдонуу дагы жеткиликтүү.
Бирок бул мамлекетте балдардын гаджеттерге байланып калбашы үчүн өзүнчө система иштейт. Тагыраагы, уюлдук телефон, планшеттерди 24 саат бою колдоно алышпайт. Башталгыч класстын окуучулары колдонгон планшеттер саат 21:00дө, жогорку класстардыкы 22:00дө өчүрүлөт. Бала оюн ойноп же видео көрөйүн дегени менен планшеттер ачылбайт.
«Баладагы гаджетти ата-энелери көрбөй калышса дагы планшет оюн үчүн ачылбай калат. Окуучулардын классы, жашына карап алар колдонгон планшеттер убактылуу иштебейт. Бул жакта баланы өнүктүрүү борборлору аябай көп. Кыргызстанда дагы ушундай борборлор ачылса дейт элем. Маселен, чакан эле аймакта 3 борбор бар. Аларга ата-энелер балдары менен кошо келип чогуу ойнойт, китеп окуп, жаандуу байланышта болушат. Ушундай шарт түзүү үчүн өзгөчө бир техникалар деле керек эмес. Кагаз оюнчуктар, бөтөлкөлөр менен эле ойношот».
«Журналисттер коомдук бирикмеси» балдарга пайдалуу контент – кыргыз эл жомокторун даярдаган. Он бөлүмдөн турган кыргыз тилдүү жомоктор YouTube тиркемесинде бар. Жомоктордун ар бир бөлүмүндө өзүнчө окуялар сүрөттөлөт. Бул контенттер балдарды чынчылдыкка, акылмандуулукка тарбиялайт.
Ошол кездеги «Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси жана долбоордун автору Марс Тулегенов кыргыз эл жомоктору саны жагынан аз болгону менен маани-маңызына басым жасалганын билдирди. Бул контентти көргөн ата-энелерден дагы азыр жакшы пикирлер келип жатат.
«Бул долбоорду уюштурганыбыздын себеби, биринчи кезекте биздин балдар кыргыз тилдүү, таалим тарбияга чакыра турган контенттерди көрсө деген ой болчу. Себеби, карасаң кимдин гана баласы болбосун, биринчи кезекте эле ютубду ачып, англис же, орус тилиндеги балдарга ылайык контенттерди көрүшүп, тили, ою алардыкындай болуп калып жатат. Ошондуктан, биз ушул боюнча атайын долбоор жазып, Интерньюска жөнөткөнүбүздө алар колдоого алып, ошол нерсени ишке ашырууга чоң шарт түзүлдү. Албетте бул саны жагынан аз. Бирок, кандайдыр бир денгээлде өз орду бар. Кыргыз тилдүү жомокторду балдар эле эмес, алардын ата-энелери дагы көрүп, биз үчүн да жагымдуу контент болуп жатат деп айтышууда. Демек бул долбоор менен жалаң жаш балдарды эмес, алардын ата-энелерине да маалымат берип жатабыз»,- деди Марс Тулегенов.
Буга чейин балдардын мектепте телефон колдонуусу коомчулукта талкуу жаратып, сынга алынган болчу. Бул маселе Жогорку кеңеште дагы көтөрүлүп, эл өкүлдөрү окуучулар сабак учурунда гаджеттерди колдонбоо керектигин сунушташкан. Мындан улам билим берүү министри жаңы окуу жылынан тарта мектепте телефон колдонууга тыюу салынарын билдирди.
“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.
Материалдын автору Нуржамал Баргыбаева