Санарип министрлиги интернет жакшы иштебей жатканынын себебин түшүндүрдү

 Санарип министрлиги интернет жакшы иштебей жатканынын себебин түшүндүрдү

Магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет жакшы иштебей жатат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. 

“Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет. Мындан сырткары, резервдик каналдар аркылуу байланыш берилүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

“Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн экенин билдирди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар