Салык кызматы: Кардарларга кассалык чек бербеген субъекттер аныкталды

 Салык кызматы: Кардарларга кассалык чек бербеген субъекттер аныкталды

 “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынан улам салык мыйзамдарын бузган бир катар ишкерлер аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматына билдиришти.

Лотерея расмий ишке киргизилген күндөн тартып “Салык чек” мобилдик тиркемеси аркылуу лотереянын катышуучуларынан 11 миң 162 даттануу келип түшкөн.

Даттанууларда негизинен кассалык чектердин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле чектерди иштеп чыгуудагы жана тиркемеден ID-билеттерди берүүдөгү каталар көрсөтүлгөн.

Анын ичинен сатып алуучулар менен эсептешүүдө кассалык чек беришпеген 75 субъект аныкталды.

“Бишкек шаарындагы “Мегасити” дүкөндөр тармагына 141 даттануу, “Оптовые цены” дүкөнүнө – 125, “Шекер” – 49, “Сити Маркет ” – 35, “Мега косметикс” – 19, “Метро” – 28, “Бимар” – 26, “Ак куш” – 16, “Бекбекей” – 17 даттануу, ал эми “Реалист”, “Финик”, “Береке+”, “Кампа”, “Любимый”, “У дома” дүкөндөрүнө – 25тен, “Бум”, “Ми стор”, “Я мама” – 12ден даттануу келип түшкөн. “Фаиза” кафесинин тармагына жарандар 46 жолу, “Буфет” – 24, “Осмон Кебаб” – 18, “Гурман” – 17 жолу арызданышт”,-деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында “Акниет” дүкөндөр тармагына 67 даттануу, “Корзинка” дүкөнүнө – 12, “Алай” кафесине – 14, “Лаваш борбору” – 14 даттануу түшкөн.

Ушундай эле даттануулар өлкөнүн башка аймактарындагы дүкөндөргө жана коомдук тамактануу жайларына карата келип түшкөн.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-октябрында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереяны ойнотуунун экинчи этабы өткөрүлөт. Анда 1 авто унаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 16 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

 

 

Жанылыктар