Салык кызматы: Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар салык төлөшү керек

 Салык кызматы: Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар салык төлөшү керек

Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар салык төлөшү керек экенин Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Анда айтылгандай, кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот.

“Ушуга байланыштуу мүлктү ижарага берген жарандар өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөө керек”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, салыкты төлөбөгөн жеке жактарга карата мыйзамда чара көрүү каралган.

Статистика:

2022-жылдын 8 айында батирди же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 млн сом өлчөмүндө салык төлөшкөн.

2021-жылы  30,1 млн сом салык жыйналган.

Жанылыктар