Салык чек: Бир салыкчы жана үч кассир байгелерди өздөрүнө ыйгарып алган

 Салык чек:  Бир салыкчы жана үч кассир байгелерди өздөрүнө ыйгарып алган

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 1-октябрында өткөрүлгөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын экинчи утушундагы төрт байге боюнча жыйынтыктарды жокко чыгарды.

Лотереянын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясы ойнотулган байгелер боюнча берилген материалдарды кароонун жыйынтыгында, эки iPhone 13, бир смартфон жана бир микротолкундуу мешти уткан лотереянын 4 катышуучусунун утуштары жокко чыгарылды.Алардын үчөө өздөрү иштеген уюмдардын ККМ чектерин керектөөчүлөргө бербестен өздөрү сканерден өткөрүшкөн. Төртүнчү жеңүүчү аймактык салык органынын кызматкери экени аныкталды. Алар утуштарын алышпайт, белектер калган жеңүүчүлөргө тапшырылат.Лотереянын шартына ылайык, берилбеген байгелер 30-декабрда боло турган үчүнчү турдагы байге фондуна өтөт.1-октябрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушу өтүп, анда рандом ыкмасы менен 58 баалуу байге, анын ичинде автоунаанын ээлери аныкталган. Акыркы лотереянын оюну 30-декабрда болот.

 

Жанылыктар