Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш берилди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, айыптоого Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон. «Сөгүш жарыялоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду», – деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Эске сала кетсек, буга чейин Башкы прокуратура бардык сотторду коррупционер деп атаган Алымкадыр Бейшеналиевди дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен министрлер кабинетине сунуш киргизген.
Март айынын аягында Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтык этиканы бузганы үчүн Министрлер кабинетине сунуш берген. Чиновник буга чейин трайбализмге айыпталып, аны кызматтан алуу талабы коюлган.
Министр Бейшеналиев бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Ал өзү бул тармакта реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келет.