Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалды. Бул тууралуу массалык маалымат каражататры жеке булактарына таянып жазып чыгышты.
Мминистр эмне себептен кармалганы тууралуу тиешелүү органдар азырынча расмий маалымат берише элек.
Социалдык тармактарда таркаган видео тасмада Бейшеналиевди атайын даярдыктагы чүмбөттөлгөн ыкчам кызматкерлер министрликтин имаратынан кармап, автоунаага салып жатканы тартылган.