Саламаттык сактоо министринин орун басары дайындалды

Бакыт Жангазиев саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Ал аталган кызматка министрлер кабинетинин буйругунун негизинде келди.
“Буга чейин аталган кызматты ээлеп турган Нурийпа Шериева министрдин сунушу менен ээлеген кызматынан бошотулду”,-деп айтылат маалыматта.
Министрдин жаңы орун басарын жамаатка президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин эксперттөө бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров тааныштырды.
Белгилесек, Жангазиев мурда да ушул кызматты аркалаган.