Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү

 Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү

Саламаттык сактоо министринин орун басары жана министрдин милдетин аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

4-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” деген негизде убактылуу четтетилди.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен министрдин үч орун басары бүгүн кызматынан алынды. Алардын ордуна Жаркынбек Касымбеков, Улан Садыков, Бүбүжан Арыкбаева саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары болуп дайындалды.

 

Жанылыктар