Саламаттык сактоо министри үч башкармалыктын башчысын кызматтан алды

 Саламаттык сактоо министри үч башкармалыктын башчысын кызматтан алды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ведомствонун үч башкармалыгынын башчыларын кызматтан алды.

Бейшеналиев агенттикке билдиргендей, ал юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеевдин, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраеванын кызматтан кетүү тууралуу арыздарына кол койгон.

Мындай чечим алар министрдин орун басарлары менен биргеликте маалымат жыйын өткөрүп, министрлер кабинетинен ведомство башчысын кызматтан алуу өтүнүчү менен кайрылгандан кийин кабыл алынды.

Аты аталган адамдар буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мындан эки аптадай мурун Бейшенлаиевдин орун басарлары жана бөлүм башчылары басма сөз жыйынын өткөрүп, жетекчини кызматтан алуу тууралуу өлкө башчыларына кайрылган. Анда министрдин өзүн алып жүрүүсү, кызматкерлерге орой мамилеси жана кадрларды кызматтан негизсиз алышы өңдүү себептерди аташкан.

Жанылыктар