Сахалинде добуш берүү аяктады

 Сахалинде добуш берүү аяктады

Россия Федерациясынын Сахалин облусунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады. Добуш берүүнүн жыйынтыгынын сүрөтү социалдык тармакка жарыяланды.

Сахалинде жайгашкан No9013 УШКда добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча 76 добуш алган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы лидер болуп чыкты. Экинчи орунда Ишеним – 32, Ыйман Нуру үчүнчүдө – 16.

Кошумчалай кетсек, чет өлкөлөрдө жашаган 84 128 шайлоочу жалпысынан 59 добушканада добуш берет. Алардын көпчүлүгү Орусия аймагында жайгашкан.

Жанылыктар